Түркиядагы жер титирөө: Элчилик менен консулдуктун номерлери

Түркиядагы жер титирөө: Элчилик менен консулдуктун номерлери

Бүгүн, 6-февралда Түркияда болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 284кө, жабыркагандардын саны 2 миң 323кө жетти.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу башкармалыгынын (AFAD) маалыматы боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар арасында Кыргызстандын жарандары жок.

«Кыргызстандын элчилиги Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктар менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдары менен жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыр тарткандар арасында Кыргызстандын жарандары боюнча маалыматтарды тактоо боюнча иш алып барууда. Кырдаалды көзөмөлдөө жана Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлдү», — деп билдирет элчилик.

Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары ишеним телефондору аркылуу зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат:

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>