Перудагы Мачу-Пикчу шаары туристтерге эшигин ачты

Перудагы Мачу-Пикчу шаары туристтерге эшигин ачты

Жети ай бою жабык болгон Перудагы Мачу-Пикчу шаары туристтерге эшигин ачты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазууда.

Инк (индей) ууруларынын башчысынын демилгесинин негизинде тоонун башына XI-XV кылымдарда курулган бул шаар 1948-жылдан бери экинчи жолу жабылып олтурат.

Алгачкы жолу 2010-жылы суу ташындан улам жабылса, бул жолу пандемия себеп болгон.

Аймактагы саякат башчысынын айтымында, мурда күнүгө 2000 адамды тосуп алууга даяр болсо, пандемиядан кийин күнүгө 600дүн тегерегинде адамды тосууга ылайыктышкан. Саякат учурунда кызматкерлер туристтердин ден соолугун жана дене табын улам текшерип турушат.

Белгилей кетсек, АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирусту 44 миллиондон  ашык адамга жугуп, бир миллион 160 миңге жакын адам оорунун курмандыгы болгон.

Кышка жакын илдеттин экинчи толкуну капташы мүмкүн деген эскертүүлөрдөн кийин көптөгөн өлкөлөр туристтер үчүн эшигин жаба башташты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>