Президент Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан улам жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Президент Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан улам жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Бүгүн, 16-январда президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы Дача-Су айылында самолеттун кыйрашынан улам жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Мамлекет башчысы Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кыйрашынын кесепетинен ондогон жарандардын, алардын ичинде жаш балдардын курман болушу бүткүл кыргыз эли үчүн трагедиялуу окуя болгонун кайгыруу менен белгиледи.

Адамдардын курман болгондоруна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтып, бул алардын жакындары жана туугандары үчүн гана эмес, бардык кыргызстандыктар үчүн орду толгус оор жоготуу болгонун айтты.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайым көңүл бурулуп турарына ишендирди.

Курман болгондордун жакындары өлкө башчыга өздөрүнүн жашоо-тиричилигиндеги маселелери жөнүндө айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков балдарга эстеликке белек катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды.

Президент менен жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>