Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Кыргызстанда автоунааны каттатуу канча турат? Эми онлайн калькулятор эсептейт
16.01.2020 | 15:12
Мамлекеттик каттоо кызматы онлайн калькулятор кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
Онлайн калькулятор кызматын Рortal.srs.kg – электрондук порталы аркылуу колдонууга болот.
«Онлайн калькулятор автоунаа ээлерине өз алдынча транспорт каражатынын чыгарылган жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша каттоодо алынуу жыйымдын наркын аныктоого жардам берет. Тиешелүү талаалар көрсөтүлгөндөн кийин онлайн калькулятор автоматтык түрдө эсептеп чыгарат. Анда көрсөткүч былтыркы жылдагыдай эле калган: транспортту биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым, бекитилген торчо менен 5 пайыз, ал эми кайра каттоодо 0,3 пайыз көрсөткүчтү түзөт», – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом