Президент элди Эмгек майрамы менен куттуктады

Президент элди Эмгек майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти Президенттин расмий сайтына жарыяланды.

«Өлкөбүздүн өнүгүүсү, бүгүнкүсү жана келечеги — табигый ресурстарга, жаратылыш байлыгына гана эмес, эмгек адамынын аракетине негизделген. Биздин мамлекетибизде адам ресурсун өнүктүрүү, эмгек адамын даңазалоо — ар дайым маанилүү багыт бойдон кала берет. Жалпы дүйнө жүзү боюнча ишмердүүлүк кыскарган азыркы учурда, эмгектин баркы, эмгек менен гана жашообуз мазмундуу экени дагы бир ирет даана көрүндү. Замандын жаңы талаптарына татыктуу жооп бере алган коомду, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн бирге аракет жасап, чогуу эмгек кылалы”, — деп жазылган анда.

Расмий маалыматтарга караганда, өлкөнүн жалпы калкынын 20 пайызы пайызы же 80 миңден ашуун адам жумушсуз. 

Ал эми коронавирус пандемиясынан улам азыркы тапта 1 миллиондон ашык киши убактылуу ишин токтотуп, жумушсуз үйдө отурганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ,30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>