Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Президент иш сапары менен Баткен облусуна учуп кетти
10.03.2020 | 16:08
Президент Сооронбай Жээнбеков бугүн, 10-мартта эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат.
Мындан сырткары, Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат.
Президент ошондой эле Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекет башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом