Президент Оштогу таза суу маселесин бир айда чечүүнү тапшырды

Президент Оштогу таза суу маселесин бир айда чечүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ош шаарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров 27-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушунун жүрүшү менен таанышкан.

«Мамлекет башчысына курулуштун жүрүшү, ошондой эле ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөрү жөнүндө маалымат берилди. Алар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган. Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси Ош шаарынын тургундары үчүн көп жылдардан бери эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Сел жана жаан-чачын учурунда шаардыктарга суу берүү токтотулат, анткени ачык көлмө — Ак-Буура дарыясынын пайдаланылып жаткан суусу булганат», — деп жазылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров ишти тездетип, бир ай ичинде Ош шаарынын тургундарын таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырды. Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун айтымында, муниципалитеттин мамлекет башчысынын тапшырмасын үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин аткарууга жетиштүү ресурстары бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>