Президент Оштун депутаттарынын мэрге ишенбестик көрсөтүүсү боюнча оюн айтты

Президент Оштун депутаттарынын мэрге ишенбестик көрсөтүүсү боюнча оюн айтты

14-ноябрда Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчысы Бакыт Жетингеновго ишенбестик көрсөтүшкөн. Аталган жагдай боюнча президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине комментарий берген.

Журналист президентке «Ош шаардык кеңеши калаа башчысы Бактыбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча токтом кабыл алган. Алар негизинен шаардык кеңештин токтомдору аткарылбаганын жана «Классик» мейманканасынын кожоюну вице-мэр менен мэрдин кеңешчиси кысым кылууда деген арызын да жүйөө келтиришкен. Сиз шаардык кеңештин чечимине макулсузбу? Колдоп бересизби бул чечимди?» деген суроо узаткан.

«Макул эмесмин. Колдобойм. Себеби, ал жакта эмне болуп жатканын, артында кайсыл депутаттардын жеке кызыкчылыгы, жеке таарынычтары тургандыгын жакшы билем. Иштеп жаткан жетекчилерди өчөшүп алган депутаттардын жеке таарынычтарынын кесепетинен эле кызматтан алып «ыргыта» берсек, эртең эч ким иштебей коёт. Мамлекеттик кызматтагы милдеттерин сапаттуу деңгээлде аткарбай коёт. Мен мындай учурларды дайыма жеке өзүм териштирип, абдан дыкат иликтегенден кийин анан адилеттүү чечим кабыл алам. Антпесем жакшы иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерден ажырап калабыз», — дейт Жапаров.

Президенттин айтымында, Ош шаардык кеңеште коррупция менен жан баккан депутаттар бар.

Депутаттар «мыйзам иштеш керек, биздин токтом аткарылыш керек» деген талап коюп атышыптыр. Мыйзамдардын так аткарылышын, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылаардан мурда өздөрү адилеттүү болушсун, өздөрү мыйзамдарды сыйлашсын, өздөрү коррупция менен шугулданганды токтотушсун. Ошондон кийин анан мыйзам жөнүндө сөз кылышса жарашат. Жаңы мэрди коюп жатканда «Ошту ирээтке келтир» деп тапшырма бергем. Ошто мыйзамсыз, талапка жооп бербеген башаламан курулуштар бар экенин Ош шаарынын жашоочулары жакшы билишет. Мэр ошолордун баарын ирээтке келтирип, бузчусун бузуп жатат.

Албетте, андай иштер мыйзамсыз курулуш куруп алган депутаттарга жакпайт. Арасында коррупция менен жан баккан депутаттар да жок эмес. Мен азырынча алардын барынын аттарын атабай эле турайын. Керек болсо учуру келгенде баарын атаймын. Жерлерди, имараттарды мыйзамсыз алгандардан кайра мамлекетке кайтарып жатат», — дейт Жапаров.

Ошондой эле Жапаров «мурдагы мэрлер депутаттарга чай берип турчу» деген сөздөр боюнча оюн айткан.

«Баса, «мурдагы мэрлер чай берип турушчу эле» дешип, «анда-санда депутаттарды чогултуп чай берип турбайсың» деген дооматтары да бар экен. Ошончо депутатка чай бериш үчүн мэрдин, бир айлыгын биякка коёлу, үч айлык эмгек акысы жетпейт. Анын баарына чай берип туруш үчүн мэр мэриянын бюджетинен уурдаш керек. Демек, мурдагы мэрлер уурдап чай берип жүрүшкөн. Мындан ары чай дегенди унутуш керек. Элдин ырыскысын уурдап жегенден өздөрү уялбайбы. 

Депутат болуп шайланарда «асмандагы айды алып берем, кулуңар болуп иштеп берем» дегенге чейин барышат. Өтүп алгандан кийин «хандай» жашагылары келишет. Мындан кийин эл дагы кимди шайлашты жакшы билиши керек. Авториттеттүү эле жарандарыбыз “тууганым эле, досум эле, добушуңарды берип койгула» деп түтүнмө-түтүн кыдырганды токтотуш керек.

Чындап келсе кимди шайлашты эл өзү жакшы эле билет. Анан эле орто жолдо адаштырып буруп кеткендер элди жаңылтат. Кыскасы мейли ким болбосун, жеке кызыкчылыгы келгенде мыйзам деп кыйкыра бербей мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору койгонду үйрөтүшүбүз керек. Ошого үйрөнгүлө, баары бир үйрөтөбүз», — деди ал.

Эскерте кетсек, учурда республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери президент тарабынан дайындалат, кызматтан бошотулат.

Бакыт Жетигенов: Депутаттар мэр чай алып бербейт деп таарынышкан

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>