Президенттин м.а. Садыр Жапаров Кытай элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

Президенттин м.а. Садыр Жапаров Кытай элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

Президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Садыр Жапаров элчи менен баарлашууда Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал кыска убакыттын ичинде турукташкандыгын белгилеп, Кытай менен кызматташуу артыкчылыктуу багыттардын бири экендигине токтолгон.

 «Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди жана макулдашууларды толугу менен так аткарат», — деп баса белгилеген Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Кытай тарапка ыраазычылыгын билдирген.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь Кытай Өкмөтүнүн атынан Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындалышы менен куттуктап, Кытай Кыргызстанга тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү чын дилинен каалай турганын, мүмкүн болушунча ар дайым жардам берүүгө даяр экенин белгилеп өткөн.

Сүйлөшүүнүн алкагында элчи өлкөдө иштеп жаткан кытайлык компаниялардын жана ишканалардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурган.

Садыр Жапаров элчини кытайлык инвесторлор жана ишканалар өздөрүн коопсуз деп сезе беришсин деп ишендирген.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт»  жана «Эркечтам»  көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши тууралуу элчи жүктөрдү өткөрүү боюнча учурдагы алгоритмге байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн  ушул жылдын 6-ноябрында эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу пландаштырылып жатканын маалымдаган.
[su_image_carousel source=»media: 46504,46503,46505″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>