Жарандарды «кылтакка илип», акча алган тогузунчу милиционер кармалды

Жарандарды «кылтакка илип», акча алган тогузунчу милиционер кармалды

Бишкекте маңзат сатып алууну көздөгөн жарандарды «кылтакка илип», акча опузалаган дагы бир милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК, баңгизат сатып алууну көздөгөн жарандарга Telegram жана WhatsApp аркылуу маңзат сунуштап, кайра аларды кармап, акча опузалоо менен алектенген милиция кызматкерлерин кармаганын кабарлаган. Аталган кызматкерлер кылтагына илинген жарандардан 500дөн 5 миң долларга чейин акча опузалап, болбосо, кылмыш жообуна тарта турганын айтып коркуткан. Жарандардан акча алгандан кийин кылмышты жашырып, шектүүлөрдү кое беришкен. Акыркы 2 жылда ушундай 200дөн ашык факты болгону аныкталган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү), 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) жана 262-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыш чөйрөсүн түзүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Буга чейин шектүү катары 5 милиция кызматкери, андан кийин дагы 1 милиционер кармалган.

16-октябрда шектүү катары дагы 2 милиция кызматкери (М.М. жана И.К.) колго түшүрүлгөн.

Арадан 2 күн өтүп-өтпөй, 18-октябрда милиция кызматкерлеринин кылмыштуу тобуна катышкан деп тогузунчу милиционер кармалды. Ал Биринчи май райондук милициянын кызматкери болот. Шектүү №1 тергөө абагына камакка алынган.

Азыркы тапта бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга кабылган жарандарды 0312 66 04 75 жана 0708 72 28 01 номерлери аркылуу кабар берүүсүн суранат. Маалымат берген адамдын аты жашыруун каларына кеилдик берилет.

Жарандарды «кылтакка илип», акча опузалаган дагы 2 милиционер кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>