Путин Канттагы авиабазанын мааракесине онлайн катышты (видео)

Путин Канттагы авиабазанын мааракесине онлайн катышты (видео)

Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кант шаарында жайгашкан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) авиабазасынын 20-жылдык мааракеси менен Бишкектеги мамлекеттик резиденциядан онлайн байланышка чыгып куттукташты.

Россия президентти Кыргызстанды орус аскерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө көрсөткөн мээримдүү мамилесине ыраазычылык билдирди.

«Авиабазанын ачылышы эсимде. Анда Кыргызстанга кылмыштуу топтор кол салып, өлкө жетекчилиги тез арада аскердик күчтөрдү жайгаштыруу сунушу менен бизге кайрылган. Бүгүн «Кант» — Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын коопсуздугун камсыз кылууда башкы ролду ойнойт», — деди Путин.

Ал «Канттын» аскерлеринин кесипкөйлүгүнө жогору баа берип, милдеттерин мыкты аткарып жатканын белгилеп өттү. Путин авиабаза алдынкы техника жана куралдануу менен камсыз болорун маалымдады.

Владимир Путин бүгүн эртең менен Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны расмий тосуп салтанаты  мамлекеттик резиденцияда өттү. Россия президентти «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып,  1916-жылы Үркүндө каза болгондордун айкелине гүлчамбар койду.

Владимир Путин эртең КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитине дагы катышат. Бул Россия жетекчисинын 2023-жылдагы биринчи чет өлкөгө расмий сапары.

Владимир Путин акыркы жолу Кыргызстанга 2022-жылдын декабрь айында Евразиялык жогорку экономика биримдигинин жыйынына катышуу үчүн келген. Мамлекеттик сапары 2019-жылдын март айында болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>