«Шоро» заводунун кампасындагы ири өрт: тилсиз жоо 900 чарчы метр мүлктү жок кылдыКытайдан атчан келген кыргыз кыздарын Бишкекте салтанаттуу тосуп алыштыПрокуратура ишкерлерге мыйзамсыз айып салынган 100дөн ашык фактыны аныктадыКытай Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгын жана республиканын өнүгүү темпин жогору баалады«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүүнүн механизми бекитилдиШубин мектебиндеги жаңжал. Окуучулардын апасы социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн ИИБде сурак берди — эмне болуп жатат?
U-23: Грек-рим күрөшү боюнча балбандар дүйнө чемпионатына барат
12.10.2023 | 16:59
Кыргызстан грек-рим күрөшү боюнча балбандар Албанияда өтө турган 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спортчу департаментинен билдиришти.
Мелдеш Тирана шаарында 23-29-октябрь күндөрү өтөт. Кыргызстандан дүйнө биринчилигине грек-рим күрөшүнөн 8 балбан барат.
Курама команданын тизмеси:
- Улан Муратбек уулу (55 кг);
- Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг);
- Баяман Каримов (63 кг);
- Эрмек Каныбек уулу (67 кг);
- Адилхан Нурланбеков (72 кг);
- Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг);
- Асан Жанышов (87 кг);
- Аркыт Орозбеков (97 кг);
- Улукбек Карачолоков – улук машыктыруучу;
- Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу;
- Арсен Эралиев – улук машыктыруучу.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган дүйнө чемпионатына бара турган кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча балбандардын тизмеси жарыяланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз