Путин Казакстан орусча сүйлөгөн өлкө экенин айтты

Путин Казакстан орусча сүйлөгөн өлкө экенин айтты

Казакстан — дээрлик орусча сүйлөгөн өлкө. Мындай билдирүүнү Россиянын президенти Владимир Путин Астанага жасаган сапарында жасады.

Путин өз сөзүндө эки өлкөнүн гуманитардык жана адамдар ортосундагы байланыштары жакшы экенин билдирген.

«Казакстан — дээрлик орусча сүйлөгөн өлкө, сиздер да муну байкасаңыздар керек. Тилекке каршы эмнени, кантип жасаш керектиги тууралуу өз оюн айткан, Россиядагы жана Казакстандагы коомдо болуп жаткан процесстерге сын айткандар көп. Бирок ал көз караш, сындар дайыма эле мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп бере бербейт.

Менимче биздин байланыштарды бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрүш керек. Биздин мамилени буза турган иштерди жасабаш керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, Путин Казакстанды «орусча сүйлөгөн өлкө» деп биринчи ирет айтып жаткан жок. Мындай билдирүүнү ал 2021-жылдын 23-декабрындагы маалымат жыйынында да жасаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>