Район жана шаарларга таштанды чыгаруучу техникалар берилди (сүрөт)

Район жана шаарларга таштанды чыгаруучу техникалар берилди (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров райондордун жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө тиричилик таштандыларын чыгаруучу атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.

Акылбек Жапаров айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырып, өлкөнүн калктуу конуштарын таза кармоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүн бир катар муниципалдык кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биринчилерден болуп 22 даана атайын техниканы алышат. Жакынкы жылдары мындай техникалар менен бардык аймактар камсыздалат», — деди ал.

Белгилей кетсек, техника Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көмөгү менен сатылып алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: техника

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>