БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Расмий маалымат: Кыргызстандын 600 миң жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт
13.03.2025 | 16:49
Учурда 600 миң кыргызстандык чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Дарманкул уулунун айтымында, мигранттарын көбү Россияда иштейт.
“Россия ИИМинин расмий маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча миграциялык каттоодо 379 миң 949 адам турган”, – деди ал.
Ошондой эле Казакстанда 70 миңдей, Түркияда 32 миңдей, АКШда 40 миңге жакын, Кореяда 17 миңден ашык, Германияда 15 миңге жакын, Бириккен Араб Эмираттарында 10 миңден ашуун кыргызстандык бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом