Роман Петров Кыргызстандын атынан Олимп оюндарына жолдомо утту

Роман Петров Кыргызстандын атынан Олимп оюндарына жолдомо утту

Фехтование боюнча кыргыз спортчусу Роман Петров Олимп оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Петров 25-апрелде фехтование боюнча Ташкент шаарында өткөн квалификациялык мелдеште 1-орунду ээлеп, Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алган.

Роман Петров 1991-жылы 19-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Ал спорттун фехтование түрү боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Ошондой эле 23 жашка чейинки спортчулардын арасында 2014-жылы Азия чемпиону атыккан. Мындан сырткары, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Белгилей кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына грек-рим күрөшүнөн Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (эркин күрөш), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, жөө күлүктөр Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая жана суучул Денис Петрашов жолдомо уткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>