Россияда өрттөнгөн түнкү клубдан чыга албай, 13 адам каза болду

Россияда өрттөнгөн түнкү клубдан чыга албай, 13 адам каза болду

Костромадагы «Полигон» түнкү клубунда чыккан өрттүн кесепетинен 13 адам каза болуп, дагы бир нече задам жаракат алды, деп билдирет РЕН ТВ.

Кырсык 5-ноябрга караган түнү болгон. Клуб-ресторандын имаратында чыккан өрттүн кесепетинен 3,5 миң чарчы метр аянттын чатыры кулап түшкөн, 250 адам эвакуацияланган.

Күбөлөрдүн айтымында, эвакуация чыгуучу эшиктер жабык болгондуктан, эл жалындап жаткан имараттан чыгууга үлгүрбөй калган. Түнкү клуб бир убакта бир нече тараптан күйүп кеткен.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, өрт имараттын ичинде атылган октон келип чыккан. Келгендердин бири жаңжалдашып, андан кийин ал атаандашына ок чыгарган. Мындан улам клубду түтүн каптап, өрт чыккан.

Кийинчерээк ок чыгарган жигит да кармалып, ал жасаган кылмышын мойнуна алган. Кармалган жаран 23 жаштагы Свердлов районунун тургуну Станислав Ионкин болгон. Baza Telegram каналынын маалыматына караганда, ал Украинадан август айында жарадар болуп кайтып келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>