КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Япония адам жуугуч машиналарды сатыкка чыгарат – видео
05.11.2022 | 20:03
Япониялык технологиялык компания адамдарды жуунтуучу машиналарды сатыкка чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу Oddity Central жазды.
Science компаниясынын өкүлдөрү аппарат 2025-жылы сатыкка чыгарын айтышкан. Иштеп чыгуучулардын айтымында, адам жуугуч машина УЗИнин жардамы менен адамды тазалап, массаж жасап, кургатып берет. Бардык процесске 15 мүнөттөн ашпаган убакыт кетет.
Мындан тышкары, жасалма интеллект жана ар кандай сенсорлор машина менен колдонгон адамга өз денеси жөнүндө толук маалыматты табууга жана ыңгайлуу атмосфераны түзүүгө жардам берет.
Science компаниясы кошумчалагандай, долбоордун максаты денени кылдат тазалоо гана эмес, дисплейлерде көрсөтүлгөн тынчтандыруучу, жагымдуу музыка менен эс алууга шарт түзүү болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар