Улуттук гвардиянын жаш жоокерлери ант беришти

Улуттук гвардиянын жаш жоокерлери ант беришти

Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө 5-ноябрда 2022-жылдын күзгү чакырыгынын жаш жоокерлери ант беришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандын 200дөн ашуун жаш жарандары Ата-Мекенге берилгендикке антты беришти.

Үч жуманын ичинде Улуттук гвардиянын тажрыйбалуу офицерлер жана сержанттардын жетекчилиги астында жаш жоокерлер курсунун алкагында күчөтүлгөн программасын өтүштү: күн тартибин жана жалпы аскердик уставдарды окушуп, тактикалык, саптык жана дене тарбия даярдыгынын негиздерин өздөштүрүп, өздөрүн мындан аркы аскердик милдеттерди аткарууга даярдашты.

Салтанаттуу иш-чарага Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, жоокерлердин бир туугандары жана жакындары жана аскер кызматынын ардагерлери гвардиянын генерал-полковниги А.Чотбаев, генерал-майор А.Алымкожоев жана Республикалык жоокерлер энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова катышты. Гвардиянын полковниги Т.Эргешов куттуктоо сөзүндө жаш жоокерлерге чың ден соолук жана мекенге кызмат кылуу ардактуу иштерине чоң ийгиликтерди каалап кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө курал менен көрсөтүү көнүгүүлөр жана майрамдык концерт уюштурулду. Азем жаңы мекен коргоочулардын салтанаттуу жүрүшү  менен аяктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ант берүү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>