«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
Россиядагы мигранттар 9 айда 38 пайызга аз акча которушту
11.11.2023 | 16:42
Быйыл тогуз айда Кыргызстанга которулган акчанын суммасы 1 миллиард 437 миллион долларды түздү. Бул 2022-жылдын 9 айынан (2 211,6 миллион доллар) 774 млн долларга (же 35%) аз. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Өлкөгө которулган акчалардын 90,8% Орусиядан келген, ал 1304,7 млн долларды түзөт. Бул 2022-жылдын январь-сентябрына караганда 38% аз. Андан кийин АКШ (34,9 млн доллар) турат.
Быйыл тогуз айда Кыргызстандан чыккан акчанын көлөмү дагы төмөндөп, 2022-жылга салыштырмалуу 53,8%га азайып, 360,1 млн долларды түзгөн. Алардын 81,9% Орусияга (294,8 млн доллар), дагы 15,5% (55,8 млн доллар) Түркияга кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика