6-август: өлкөнүн айрым аймактарда жаан жаайтСаламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилген
Россиядагы жол кырсыктан кыргызстандык жигит каза болду
08.12.2023 | 21:52
Россиянын аймагындагы жол кырсыктан 22 жаштагы кыргызстандык жигит каза болгонун, ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинин маалыматына караганда, 6-декабрда Забайкалье аймагында Амур федералдык унаа жолунун 574-чакырымында болгон жол кырсыгынан улам Кыргызстандын 2001-жылы туулган Б.С. аттуу жараны көз жумган.
Учурда элчиликтин кеңсеси каза болгон жарандын жакын туугандары менен байланыш түзүп, керектүү консулдук укуктук жардам көрсөтүүдө.
Макрумдун сөөгү 10-декабрда Кыргызстанга алып келинет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар