КР УКМК башчысы болуп Максат Асаналиев дайындалды — президент жарлыкка кол койдуБишкектин Көк-Жар айылындагы жаңы мектеп 12-сентябрда пайдаланууга берилетКыргызстан Чехия менен Испанияны талкалады: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы ордо боюнча биринчи күндүн жыйынтыктарыАлагозов: Президенттин атынан 5 миң сомдон акча берилет деген маалымат жалганКелишпестиктерсиз, бирок олуттуу бурулушсуз дагы: саясат таануучу Сергей Кожемякин ШКУ саммитинин жыйынтыктары тууралууЛаостун президенти Тхонглун Сисулит КРдин Улуттук тарых музейине барды
Бабанов Кумтөргө байланыштуу сурак берүүдө
31.05.2021 | 15:04
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу “Репортёрго” өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, ал Кумтөргө байланыштуу чакыртылган жана камакка алынышы мүмкүн.
Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан Бабановго жана ага байланышы бар коммерциялык структураларга карата козгогон кылмыш иштери токтотулган. Мындай чечимдин кабыл алынышына Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок экени себеп болгон. Ошондой эле Бабанов өлкөнү колдоо максатында ыктыярдуу түрдө мамлекетке 100 миллион сом төккөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар