Бишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайтЫсык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти«Аэро Номад» 3-августтан тарта Бишкек–Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдарын ачат2-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт
Чүйдө өгөй ата 15 жашар кызды зоруктаганы айтылды
17.05.2021 | 15:10
Чүйдүн Сокулук районунда 35 жаштагы эркек киши жашы жете элек өгөй кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
15-майда 40 жаштагы аял милицияга 2006-жылы туулган кызын күйөөсү зордуктаганын айтып, тийиштүү чара көрүү үчүн арыз жазган.
Маалым болгондой, арыз ээси күйөөсү менен 2012-жылдан бери жашап келе жатат, ал эми жабырлануучу кызы биринчи турмушунан болгон.
Шектүүгө кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал жубайы жалган-жалаа жабып жатканын билдирген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тийиштүү жумуштар аткарылып жатканы кабарланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар