Ворух аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргызстандык тажиктер тарабынан сабалды

Ворух аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргызстандык тажиктер тарабынан сабалды

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, бүгүн эрте менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Бул тууралуу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.

Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тапшырма берилген.

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең  кармалган жарандар бошотулган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, тажик жарандары кармап алган кыргызстандыктар сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>