Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Шайлоо-2021: Кыргыз бийлиги орус жумуш берүүчүлөргө кайрылды
23.11.2021 | 12:14
Кыргыз бийлиги Орусиянын бир катар шаарларында эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттарына 28-ноябрда өтө турчу шайлоого катышууга жумуш берүүчүлөрдөн мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн өтүнөт. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Маалыматка караганда, Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Якутск шаарларында, Хабаровск, Владивосток жана Южно-Сахалинск шаарларында убактылуу иштеп жүргөн кыргыз мигранттарына шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн жумуш берүүчүлөрдөн өтүнөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Орусиянын бир катар шаарларына добушканалар ачылаары күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом