Рыспек Акматбаевдин тууганын өлтүргөн эки шектүү кармалды

Рыспек Акматбаевдин тууганын өлтүргөн эки шектүү кармалды

2008-жылы Чолпон-Ата шаарында Кубанычбек Коноевди атып, өлтүрүп кеткен эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, Кубанычбек Коноев кылмыш дүйнөгө тиешеси бар Нурлан менен Мирлан Коноев аттуу жарандардын атасы болгон. Кылмыш 2008-жылы 4-апрелде жасалган. Кубанычбек Коноев Toyota Land Cruiser Prado унаасы менен прокуратуранын имаратынын жанынан өтүп баратканда белгисиз адамдар аны атып кетишкен. Октор анын башына жана көкүрөгүнө тийип, Коноев окуя жеринде жан берген. Кылмышкерлер качып кетүүгө жетишкен.

Ошол эле күнү кылмышкерлер жүргөн Ауди-100 унаасы Сары-Ой айылынан табылып, анын ичинде автоматтын гильзалары, номери өчүрүлгөн “Калашников” автоматы болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (адам өлтүрүү (эски кодекс) боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМден белгилешкендей, буга чейин айрым маалымат каражаттары милиция Нурлан менен Мирлан Коноевди өлтүргөндөрдү кармады деген маалымат тараткан. Бирок ал туура эмес маалымат. Аталган эки бир тууган 2006 жана 2007-жылы киши колдуу болгон. Мирлан Коноевди өлтүргөн адам 2007-жылдын 19-апрелинде кылмыш болгон жерде — Жогорку соттун имаратынын алдында кармалган.

Учурда Кубанычбек Коноевди өлтүрүүгө шектүүлөр камакка алынган. Алардын бири — 40 жаштагы К.А., уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналат. Ал эми экинчи шектүү — 54 жаштагы К.Н. Ал кримтөбөлдөрдүн биринин тууганы болот.

Эскертек кетсек, жергиликтүү ММКлар жазгандай, Кубанычбек Коноев маркум кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин тууганы болгон. Рыспек Акматбаев 2006-жылы киши колдуу болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>