Садыр Жапаров Bayraktar’ды чыгарган компаниянын ээси менен жолукту

Садыр Жапаров Bayraktar’ды чыгарган компаниянын ээси менен жолукту

Президент Садыр Жапаров аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарган Baykar Technology компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргоонуу багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган. Селчук Байрактар Baykar Technology Кыргызстан менен кызматташууну арттырууга даяр экенин билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Селчук Байрактарды «Даңк» ордени менен сыйлаган.

Сельчук Байрактар Жапаровго «Манас» эпосундагы айрым учурлар чагылдырылган «Акынжы» учкучсуз учуучу аппаратынын макетин эстелик катары тартуу кылган.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Түркиядан Bayraktar AkıncıBayraktar TB2, Aksungur учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алган.

Селчук Байрактар — Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>