Бишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, лицензиясы токтотулдуМинкаб Энергетика министрлигине күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоону тапшырдыОштогу тергөө абагынын имараты музейге айланатПрезидент пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койдуЖээнбек Кулубаев АКШнын мамкатчысынын жардамчысы менен виза, санкция маселелерин талкууладыКореяда иштөөнү каалагандар үчүн корей тили боюнча кошумча тест өткөрүлөт
Садыр Жапаров Илхам Алиевдин чакыруусу менен Бакуга барат
18.04.2022 | 14:47
Президент Садыр Жапаров Азербайжандын лидери Илхам Алиевдин чакыруусу менен 19-20-апрель күндөрү расмий сапар менен Бакуга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.
Алдыдагы иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү белгиленген. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу кызматташуунун келечегин талкуулашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат