Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Садыр Жапаров: Кыргызстанда кол тийбестер болбойт
20.11.2021 | 15:06
Бүгүн Кыргызстанда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Куттуктоодо президент Садыр Жапаров сот-укуктук реформанын алкагында өлкөдө кайрадан тергөө институту пайда болоорун белгиледи.
Ошол эле учурда мамлекет башчы “тергөө менен иш алып баруу” деген түшүнүктү жок кылууну туура чечим деп атады.
«Прокуратуранын тергөөчүлөрү эң күчтүү адистердин бири. Ар дайым калыс болгула, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Бизде кол тийбес нерселер болгон эмес жана болбойт. Ар бир арыз өз убагында каралып, ар бир кылмышкер мыйзам чегинде жооп бериши керек”, – деди ал.
Президент кошумчалагандай, бардык прокуратура кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом