«Центерра» Кумтөргө мындан ары ээлик кылбай турганын расмий түрдө мойнуна алды

«Центерра» Кумтөргө мындан ары ээлик кылбай турганын расмий түрдө мойнуна алды

Канадалык «Центерра Голд» компаниясы мындан ары Кумтөргө ээлик кылбай турганын расмий түрдө мойнуна алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кайрылуусунда айтылат.

Маалым болгондой, бир нече саат мурун, 19-ноябрда кечке жуук, биржа соодасы аяктагандан кийин Centerra Gold Inc. алар мындан ары Кумтөр кенине ээлик кылбай турганын моюнга алды. Анда 926 миллион долларды баланстык наркынан чыгарып, Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготууну чагылдырган.

Мындай чечимди Centerra Gold Inc. Онтарио баалуу кагаздар комиссиясынын (Канада) талабында айтылат.

«Кыргыз өкмөтү биринчи күндөн тартып Centerra Gold Inc. өлкөбүздүн жаратылышына жана экономикасына эбегейсиз зор зыян келтирилгендигин тааныды. Эл аралык коомчулук инвесторлордун кызыкчылыгына кол салуу эмес экенине жакында ынанат деп ишенебиз. Министрлер кабинети мындан ары да мыйзамдуулукту жана Кыргыз Республикасынын элинин улуттук кызыкчылыктарын жигердүү коргоону улантат», — деди Акылбек Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>