Садыр Жапаров мамлекеттик тил сынагын тапшырды

Садыр Жапаров мамлекеттик тил сынагын тапшырды

Президентин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик кыргыз тил сынагын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Мамлекеттик тил сынагы беш субтесттен турат. Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт. Премьер-министр Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырды», — деп жазылат анда.

Эки күн мурун Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укуктары тапшыруу чечимин кабыл алгандыгы боюнча билдирүү тараткан. Бирок бул маалымат Президенттин расмий сайтына жарыяланган эмес.

Белгилей кетсек, президентин шайлоого катышуу үчүн талапкер болуу үчүн арыз берүү 15-ноябрда аяктайт. Учурда 27 адамдан арыз келип түшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>