«Женго», «Алтуха». Быйыл күч түзүмдөрү кримтөбөлдөрдөн кимдерди кармады?

«Женго», «Алтуха». Быйыл күч түзүмдөрү кримтөбөлдөрдөн кимдерди кармады?

Кыргызстанда күч түзүмдөрү кылмыш дүйнөсүндөгү адамдар менен күрөш тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдирип келет. УКМК менен ИИМ кылмыштуу топтун адамдары кармалганы тууралуу байма-бай маалымат берип келет. Ушул аптада эле кылмыштуу топтогу адамдар кармалганы тууралуу бир нече маалымат таратылды.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев криминал менен айыгышкан күрөш жүрөрүн айтып, аларды мыйзамга каршы иштерден баш тартууга чакырганы бар.

Reporter.kg быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда УКМК жана ИИМ тарабынан кармалган кылмыш дүйнөсүндөгү адамдардын айрымдары тууралуу жазды.

Кадыр Досонов

«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов быйыл жыл башында Ош шаарында болгон адам өлтүрүү иши боюнча кармалып, тергөө абагында камакта отурат.

Ош шаарында 13-январга караган түнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө катуу сабалып, оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Кийинчерээк ал бейтапканадан чыккан. Ооруканадан чыккандан кийин арадан бир нече убакыт өткөн соң ал спорт менен машыгып жатканы тартылган видеосу соцтармактарга тараган.

Милиция билдиргендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Кийинчерээк шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалган. Бул иш боюнча жалпы тогуз шектүү кармалганы кабарланган. Кармалгандардын баары тергөө абагында камакта отурат.

Учурда алардын иши Ош шаардык сотунда каралууда. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 122 (адам өлтүрүү), 37 (кылмыш жасоого аракеттенүү), 262 (кылмыштуу коомдоштукту түзүү), 367-беренелери (кылмышты жаап жашыруу) боюнча айып тагылган.

Көлбаевдин тобундагы «Алтуха», «Протез», «Кеня»

Белгилүү болгондой, быйыл 23-майда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун «Алтуха» (А.И.), «Протез» (А.Ш.), «Кеня» (К.Т.) жана А.К. аттуу мүчөлөрү кармалды.

УКМК билдиргендей, алар көп жылдар бою, Кытайдан жүк ташыган ишкерлер менен жарандардын товарларын тартып алуу менен алектенип келген деп шектелүүдө. Бул ишке абакта отурган адамдардын катыштыгы текшерилип жатканы кабарланган.

«Аталган адамдар алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан болжол менен жалпы суммасы 385 миң доллар болгон эл керектөөчү товарды тартып алышканы аныкталды», — деп билдирген УКМК.

25-майда алардын баш коргоо чарасы каралып, шектүүлөр тергөө аяктаганга чейин УКМК тергөө абагына камакка алынганы айтылган.

«Казак»

Май айынын аягында Ошто «Казак» каймана аты бар Умар Маратов жана кылмыштуу шериги Ж.А. аттуу жаран опузалоого шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Экөө теӊ мурда бир нече ирет соттолушкан.

«Кармалгандар 2022-жылы Жалал-Абад шаарында Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургунунун Toyota Camry 70 унаасын коркутуу жолу менен тартып алышып, Ош шаарында башка жаранга сатып жиберишкен», — деп билдирген милиция.

Милиция кармагандан кийин Ош шаардык соту Умар Маратовду эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошоткон. Белгилүү болгондой, ал 1 млн сом күрөө коюп камактан чыккан.

Коомчулукка маалым болгондой, Умар Маратов 2020-жылы 26-майда Ош шаардык соттун өкүмү менен 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. Ага байланыштуу жарандар «эмне себептен ал абакта отурган жок?» деп суроо салышкан.

Бул жагдайды тактоо үчүн Reporter.kg Жогорку сотко кайрылган. Жогорку соттон билдиришкендей, биринчи инстанция Умар Маратовго өкүм чыгаргандан кийин иш 2021-жылдын 27-октябрында Ош облустук сотунда каралып, облустук сот аны актаган. Андан кийин иш 2022-жылдын 2-июнунда кассациялык сотто каралып, Жогорку сот облустук соттун Маратовду актоо тууралуу өкүмүн күчүндө калтырган.

Ошондой эле, жергиликтүү ММКлар жазгандай, мындан мурда Умар Маратовдун «бейбаштык» боюнча иши Ош шаардык сотунда каралган. Бирок жабырлануучу тосмо арыз жазгандыктан, иш кыскартылган.

Күн мурун, 8-июлда жергиликтүү басылмалардын бири Умар Маратовдун үстүнөн Ош облустук милициясына зордуктоо боюнча арыз түшкөнүн жазды.

УКМКнын «Чач» аттуу кримтөбөлдү кармады

Жалал-Абадда 5-июлда УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы «Чач» каймана аты менен таанымал Эрнис Мурзахметов кармалды.

Маалыматка караганда, ал шаардагы мейманканалардын биринен колго түшүрүлгөн. Ал ИИМде Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турат, буга чейин бир нече ирет кылмыш жообуна тартылган. 2013-жылы Москвадагы кыргыз диаспорасын караган адам болгон.

Белгилүү болгондой, ал Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерин коркутуп салык салып, акча өөнөгө аракет кылган деп шектелүүдө.

УКМК билдиргендей, Эрнис Мурзахметовду кармоо учурунда анын жанынан 10 грамм салмактагы гашишке окшош зат табылып алынган. Ал экспертизага жөнөтүлгөн. Ошондой эле, Эрнис Мурзахметов баңгизат колдонуп-колдонбогонун аныктоо үчүн экспресс-тест жасалып, анын жыйынтыгы баңгизат колдонгонун көрсөткөн.

Ал УКМКнын Жалал-Абададдагы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

УКМК Камчы Көлбаевдин тобундагы дагы бир адамды кармады

Арадан эки күн өтүп-өтпөй 7-июлда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Н.С. аттуу мүчөсү акча опузалоого шектелип кармалганын билдирди.

Маалымат болгондой, Н.С. аттуу адам 2021-жылы сентябрь айында өлкө жаранын коркутуп, «Мерседес S500» унаасын жана 17 миң доллар акчасын тартып алган. Шектүү катары кармалган Н.С. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ал мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турат.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Кызыгы, жыл башында эле аталган жаран ИИМ тарабынан кармалган. 9-январда ИИМ Н.С. аттуу адам 35 жаштагы жаранды сабоого шектелип кармалганын кабарлаган.

ИИМ Н.С. аттуу шектүү Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири экенин билдирген.

Ага Кылмыш кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 12-пункту (Бейбаштык максатта ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Соттун чечими менен ал эки айга камакка алынганы кабарланган.

Ал эмне себептен камактан бошотулганы жана ага козголгон кылмыш иши эмне болгону азырынча белгисиз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>