ШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болуудаКыргызстан климаттык каржылоону Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу тартууну көздөөдөБишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз Сокулук районунан табылдыБишкекте ижарага берилүүчү электросамокаттар төрт күнгө алынып салынат
Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапары менен барат
08.11.2020 | 13:21
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарын облусуна иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Президенттин милдетин аткаруучу жумушчу сапардын алкагында облустагы социалдык объектилерди, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын көрөт. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат.
Муну менен катар Нарын облусунун эли менен жолугушат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом