Садыр Жапаров юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Садыр Жапаров юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн юристтерин Юристтер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу юристтер жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул майрам жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттин укуктук негиздерин чыңдоо үчүн жоопкерчиликтүү ишке өзүн арнаган бардык адамдарды бириктирет.

Сиздердин эмгегиңиздер биздин жашообуздун бардык тармактарында жогорку деңгээлде талап кылынат. Бүгүнкү күндө экономиканы, мамлекеттик аппараттын, ишканалардын, бизнестин ишин, социалдык чөйрөнү укуктук колдоосуз жана коштоосуз элестетүү мүмкүн эмес.

Моралдык, адеп-ахлактык баалуулуктарга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык кепилдиктерине таянып, биз адилеттүү мамлекетти курууга умтулабыз. Сиздер, юристтер, адилеттүүлүккө кызмат кылуунун татаал жолун тандап алдыңыздар жана сиздер үчүн адилеттүүлүк кесиптик иштин негизги багыты болууга тийиш. Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер, тажрыйбаңыздар, коюлган максатты аткарууга умтулганыңыздар – мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуунун ишенимдүү кепилдиги.

Сиздердеги жогорку кесипкөйлүк, активдүү жарандык позиция, кынтыксыз аброй мамлекетибизде жана коомубузда туруктуулукту жана укук тартибин чыңдоонун кепилдиги болот деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук жана бакубатчылык, биздин Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн ары түйшүктүү, ары жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!».

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>