Мектептерде акча чогулткандарга айып салынат. Министрликтин сунушу

Мектептерде акча чогулткандарга айып салынат. Министрликтин сунушу

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде акча чогултууга тыюу салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Ага ылайык, билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча өндүрүп алуу үчүн жеке жактарга жана кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып салынат.

Мамлекеттик жана акысыз билим алуу укугун бузгандыгы же мыйзамсыз чектөөсү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын окуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектөөсү же бул укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жеке адамдарга жана кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүчтүн (15 миң сом), юридикалык жактарга — 300 эсептик көрсөткүчтүн (30 миң сом) өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.

Баланы электрондук кезек системасы аркылуу бала бакчага кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүчтүн (17500 сом), кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүчтүн (20000 сом) өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.

Электрондук эсепке алуу системасы аркылуу кезек келгенден кийин 6-7 жашка чейинки мектеп жашына жеткен баланы мектепке кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүчтүн (15 миң сом), кызмат адамдарына — 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып салынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>