Билеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралууКазакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат АлагозовУКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Саламаттык сактоо министри пневмонияга, орун басары коронавируска чалдыкты
10.07.2020 | 10:59
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония оорусуна чалдыккан. Ал эми анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус жугузуп алган. Бул тууралуу 10-июлда өткөн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Акматова белгилегендей, министрдин коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыккан. Учурда алардын саламаттыгы орточо туруктуу деп бааланууда. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат.
Буга чейин министр менен анын орун басарынын ооруп жатканы айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом