Салык кызматы базар жетекчилерин окутуудан өткөрүүдө

Салык кызматы базар жетекчилерин окутуудан өткөрүүдө

Бишкектеги  базарлардын администрациясын онлайн салыктык кызматтарын пайдалануу боюнча окутуу өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

 Salyk.kg мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук патент алуу,  «жеке кабинет» аркылуу салыктык кызматтарды пайдалануу, ошондой эле Бирдиктүү идентификациялоо системасы (ЕСИ) аркылуу «жеке кабинетке» кирүү мүмкүндүгүн алуу учурундагы иш-аракеттердин кадамдык алгоритмин түшүндүрүштү.

Ишкерлер тарабынан контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу маселелери боюнча базарлардын администрацияларынын өкүлдөрүн окутууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле салыкчылар базарларда иштеген ишкерлерге патенттин ордуна кандай салык режимин тандоо керектигин кеңири айтып беришти.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып соода иши үчүн патентти колдонуу токтотулат. Белгиленген күнгө чейин патент менен соода жүргүзгөн ишкерлер ылайыктуу салык режимин – жалпы салык режимин же бирдиктүү салык режимин тандашы керек.

Иш-чаранын жүрүшүндө салык кызматкерлери катышуучулардын соода ишине тиешелүү салыктык өзгөрүүлөр жана тема боюнча суроолорго жооп беришти.

Базарлардын администрацияларынын өкүлдөрү алган билимдерин базарларда иштеп жаткан ишкерлерге жеринде түшүндүрүп берүүлөрү керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>