Азия кубогу: Алдыдагы оюндар кандай өткөндө Кыргызстан 1/8 финалга чыга алат?

Азия кубогу: Алдыдагы оюндар кандай өткөндө Кыргызстан 1/8 финалга чыга алат?

Катарда Азия кубогунун тайпалык оюндарынын үчүнчү айлампасы өтүүдө.

22-январда А жана 23-январда В менен С тайпаларындагы оюндар болуп өттү. Бүгүн-эртең D, E, F тобундагы курамалар жыйынтыктоочу беттештерин ойнойт.

Үчүнчү айламдагы оюндардын аяктап жатышы менен “Кыргызстан өзүнүн F тайпасынын чыга алабы?” деген суроо күн тартибинде дагы деле турат. Белгилүү болгондой, алгачкы эки оюнунда жеңилүү ызасын тарткан Кыргызстан азырынча упай ала элек. Ага карабай “ак шумкарлардын” 1/8 финалга өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Учурда Кыргызстандын үчүнчү орун менен гана тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн “ак шумкарлар” 3 упай берген 1 жеңишке жетип, үчүнчү орунга илинген 4 мыкты команданын катарына кириши керек.

А тайпасында үчүнчү орун менен плей-оффко өтө турган курама чыккан жок. Ал эми В менен С тобунда Сирия менен Палестина 1/8 финалда ойной турган болду. Ошондо дагы эки команда үчүнчү орун менен 1/8 финалга чыга алат. Ал мүмкүнчүлүк үчүн D, E, F тобундагы командалар ат салышат.

Оюндар кандай өткөндө Кыргызстан тайпадан чыга алат?

D тобунда соңку беттештеринде Япония Индонезияны жана Ирак Вьетнамды утушу керек (Ирак — Вьетнам оюну тең аяктаса деле болот). Айрыкча Япония Индонезияны ири эсеп менен, кеминде 3:0 менен жеңсе, Кыргызстандын тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү артат. Бул тайпада биз күткөндөй жыйынтык болбосо, E тобунда Иордания Бахрейнди кеминде 3:0 менен утушу зарыл болот. Ушул эле тайпадагы Түштүк Корея Малайзия менен тең чыгышы керек же жеңиши кажет (утулса да, өтө чоң айырма менен жеңилбеши абзел).

Ал эми “ак шумкарлар” ойногон F тайпасында Кыргызстан Оманды болушунча ири эсеп менен жеңип, ошол эле учурда өз дарбазасына гол өткөрбөгөнгө аракет кылышы кажет.

Жыйынтыктап айтканда “акшумкарлар” плей-оффко чыгуусу үчүн D жана E тайпасында үчүнчү орунду алган курамалардын жок дегенди бирөөсүнүн көрчөткүчтөрү (киргизген голдору, өз дарбазасына өткөргөн голдору же алардын айырмачылыгы) Кыргызстандыкынан начар болушу керек. Албетте Кыргызстан да акыркы беттеште жеңишке жетиши абзел.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун жобосуна ылайык, өз тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген курамалар плей-оффко чыгат. Ошондой эле өз тайпасында үчүнчү орунду алып, мыкты деп табылган 4 курама да 1/8 финалда ойной алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>