Салык кызматы: Финпол жалган маалымат таратууда

Салык кызматы: Финпол жалган маалымат таратууда

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын «Салык кызматынын кызмат адамдары алтын өндүрүүчү компания менен коррупциялык схемага аралашкандыгы жөнүндө” билдирүүсү чындыкка дал келбейт.  Бул тууралуу Салык кызматы расмий билдирүү таратты.

Ага ылайык, аталган билдирүү чындыкка дал келбейт жана эч кандай юридикалык негиздерге ээ эмес.

“Бир катар массалык маалымат каражаттарына жарыяланган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын «Салык кызматынын кызмат адамдары алтын өндүрүүчү компания менен коррупциялык схемага аралашкандыгы жөнүндө” билдирүүсүн Мамлекеттик салык кызматы чындыкка дал келбегендигин жана эч кандай юридикалык негиздерге ээ эмес экендигин маалымдайт.

Салык кызматынын 2018-жылы «К.Г.К.» ЖАК алтын казып алуучу компаниясына карата жүргүзгөн бардык иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана ишке ашырылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Салык кызматы аларда далилдер жетиштүү экендигин бирок аны жарыялоого мыйзам жол бербестигин билдирди. 

Белгилей кетсек, бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Социалдык фонддунун бир нече кызматкерлери коорупциялык схема түзүп, мамлекеттик бюджетке 9 миллиард сомдон ашуун зыян келтиргенин  аныкталганын кабарлаган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>