28-августта социалдык түйүндөрдө эки машина жолдогу итти тебелетүүгө аракет жасаган учуру тартылган видео тараган. Бул колдонуучулардын нааразылыгын жараткан. Бирок Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борборуна таянуу менен ал кутурган ит экенин билдирген.
Ит тиштеген 15 киши ооруканага жаткырылган. Аларга кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлгөн. Иттин сөөгү ветеринария башкармалыгынын вирустук лабораториясына жөнөтүлдү.
Кутурма коркунучтуу, жугуштуу илдеттердин катарына кирет. Оору жаныбарлардан кишиге шилекей аркылуу жугат.