Сегизбаевдин штабында иштеген журналист УКМКга сурак берип чыкты

Сегизбаевдин штабында иштеген журналист УКМКга сурак берип чыкты

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген журналист Нурзада Токтогулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эки сааттан ашык сурак берип чыкты.

Журналист маалыматты жайылтпоо тууралуу кагазга кол коюп бергендиктен, кайсы кылмыш иши боюнча сурак бергенин кабарлаган жок.

Ал 12-январда кечки саат 5те атайын кызматка суракка кирген.

УКМКнын кагазында Токтогулова суракка күбө катары чакырылганы жазылган. Сегизбаевдин шайлоо штабынын басма сөз катчысы Мээрим Асанова журналисттин суракка чакырылышын анын талапкер менен кызматташканына байланыштырууда.

Бирок ал кайсы кылмыш иши боюнча чакырылганы белгисиз. Атайын кызматтын кагазында журналист суракка барбаса күч менен жеткирилери эскертилген.

УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Нурзада Токтогулова 2012-2014-жылдары өкмөттүн басма сөз кызматын, 2016-2017-жылдары «Пирамида» телекомпаниясын башкарган. Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеп жүргөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>