14-сентябрь: Кыргызстанда +33°Cка чейин ысыйт, тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери
Шайлоо босогосу эми шайды оодарбайбы? – видео
01.07.2020 | 17:22
Мындан үч жыл мурун азыркы VI чакырылыштагы парламент депутаттарынын демилгеси менен 9 пайызга көтөрүлгөн шайлоо босогосу кайрадан 7 пайызга түштү.
Жакында эле, дал ошол VI чакырылыштагы парламент депутаттары кабыл алган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда кол койду. Ага ылайык күздө өтө турган парламенттик шайлоо жети пайыздык чек менен өтмөй болду.
2017-жылдагы шайлоо босогосунун 9 пайызга көтөрүлүшүнүн максаты “КСДП түбөлүк бийликтен кетпеш керек” деген таризде кабыл алынган.
Анткени шайлоо босогосу жогору болсо парламентке жаңы күчтөр кире алышпайт. Бийликтин партиясы жана олигархтар парламентти ээлеп, чыныгы элдин өкүлдөрү, элдин башка катмарынын үнү угулбай калмак…