29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болот
Шайлоодон кийин топтолгон элди мэриянын автобустары ташыганбы?
10.12.2021 | 12:10
Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Кадыр Атамбаев калаа мэри Айбек Жунушалиевге парламенттик шайлоодон кийин элди мэриянын автобустары ташыдыбы? деген суроо узатты.
Айбек Жунушалиев муниципалдык автобустарда жалаң милиционерлер болгонун билдирип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу максатында автобустарды сурап жаткандыгы тууралуу кат келгендигин айтты.
«Биз ар бир РИИБге коомдук транспорт бердик. Анда эл ташылган жок, болгону тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери гана ташылды. Видео бар болсо көрсөтүп койгулачы. Автобустар милиция кызматкерлери үчүн бөлүнгөнүнө кепилдик берем», – деди шаар мэри.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат