Шакиев жолдогу тыгындан арылуунун жаңы ыкмасын айтып берди  

Шакиев жолдогу тыгындан арылуунун жаңы ыкмасын айтып берди  

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев жолдогу тыгынды азайтуунун жол-жоболорун айтып берди.

“Соңку учурда Бишкек, Ош шаарларында унаа кыймылы оор болуп бара жатат. Буга чейин жолдорду кеңейтүү иштери жүрдү. Бирок, муну менен маселе чечилген жок. Дүйнөдө башка шаарларда мунун мисалы бар. Франциянын борбору Парижде абдан тыгын болгон көчө бар болчу экен. Аны эсе кеңейткенде тыгын мындан болуп көбөгөндөй күчөп кеткен. Мындан кеңейткен жагынын бир бөлүгүн тратуар, экинчи бөлүгүн веложол кылгандан кийин тыгын баштагыдан кыйла азайган экен. Муну менен айтайын дегеним, жолдорду кеңейтүү менен маселени чече албайт экенбиз. Андан көрө жолдордун сапатын жакшыртып, тратуарлар менен веложолдорду талаптагыдай, заманбап кылып курушубуз зарыл. Ошондо тыгын азаят”- деди эл өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>