Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба-ырайы күтүлөт

10-май күнү күндүз жана 11-12-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

10-14-май күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>