Соцфонд 1,5 млн. сомдук ажаткана боюнча үн катты

Соцфонд 1,5 млн. сомдук ажаткана боюнча үн катты

17-февраль күнү Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат Алишер Эрбаев тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Социалдык фонддун административдик имаратынын аймагындагы ажаткананы оңдоого жана курууга 1,5 млн. сом  каражат кеткени туурасында билдирүүсүнө  Соцфонд жооп берди.  Маалыматты Соцфонддун басма сөз кызматы таратты.

2020-жылдын 8-октябрында Социалдык фонддун Ала-Бука райондук бөлүмү тарабынан №201001247095873 номери менен Ала-Бука райондук Социалдык фондунун короосуна асма чатыр жана даараткана курууга мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталына тендер жарыялаган. Жыйынтыгында, тендерден «Каса Строй» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган жана сметалык документация боюнча жалпы суммасы 206 722 сомго келишим түзүлүп, анын ичинен 93 513 сому даараткананы курууга сарпталган. Мындан улам, Ала-Бука районундагы Социалдык фонддун административдик имаратынын аймагындагы даараткана куруу үчүн жарыяланган 1,5 миллион сом тууралуу депутат Алишер Эрбаевдин билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын маалымдайбыз” – деп айтылат билдирүүдө.

Депутат Эрбаевдин айтканы боюнча маалыматты бул шилтемеден окусаңыз болот.

1,5 млн. сомдук ажаткананы текшергендер бир жума мейманканада болушту

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>