«Алтай жана анын достору»: Кыргызстанда балдар үчүн жаңы мультсериал тартылдыИИМ бишкектиктерди 30–31-август күндөрү коомдук транспортту колдонууга чакырдыСадыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Курултай депутаттарын шайлоо менен куттуктадыӨспүрүмдөр жана баңгизат: ата-энелерди эмнелер кооптондурушу керекКРдин Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев дүйнө салдыКытайдан Кыргызстанга 3 тонна күрүч киргизилген жок
Сокулукта 39 жаштагы киши кызганычтан улам аялын өлтүргөнгө шектелүүдө
18.05.2021 | 10:52
Сокулук районунда күйөөсү аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
18-майга караган түнү саат Сокулук РИИБине Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам топ барып, 1992-жылы туулган Ж.Э. аттуу аялдын жансыз денесин табышкан.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары маркумдун 39 жаштагы күйөөсү кармалган. Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө уруш кызганычтан чыгып, аял денесинен алган жаракаттарынан улам каза болуп калган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар