Сокулукта каракчылар кармалды – видео

16.01.2023 | 12:33

Сокулук районунун Манас айылында каракчылык кылууга шектүү делип үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-январда саат 03:45те беткап кийген эки адам Манас айылында жайгашкан «Манас Сити» дүкөнүнө киришип, күзөтчү болуп иштеген 1961-жылы туулган К.У. жана 1993-жылы туулган К.Ш.ны бычак менен коркутуп, “Redmi Note-10” телефонун тартып алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги көзөмөлүнө алган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү делип 2005-жылы туулган Ш.Т., 2004-жылы туулган К.А., 1996-жылы туулган Б.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top