Оштогу адам өлтүрүү окуясы: Милиция шектүүлөрдүн мурунку кылмыштарын айтты

Оштогу адам өлтүрүү окуясы: Милиция шектүүлөрдүн мурунку кылмыштарын айтты

Бүгүн, 16-январда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Ош шаарында 13-январга караган түнү болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүүлөр менен жабырлануучулар тууралуу маалымат берди.

Бул окуяга уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катышкан.

Абдиевдин айтымында, адам өлтүрүү кылмышын уюштуруусу катары уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов (Женго) кармалып, эки айга камакка алынган. Ал мурда 10 жолу оор жана өтө оор кылмыштар боюнча соттолуп чыккан.

«Акылбек Раимберди уулу мурда бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган. Эламан Коргонбай уулу алдамчылык, бейбаштык боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Курсантбек Шакир уулу адам өлтүрүү, опузалап талап кылуу, денеге оор залал келтирүү, тоноо кылмыштары боюнча жоопко тартылган. Ошондой эле Нурбек Чубаков каракчылык, тоноочулук боюнча соттолуп чыккан», — деди ал.

Ошондой эле шектүүлөрдүн бири Актилек Абдивали уулу каракчылык, мыйзамсыз курал-жарак сактоо, уурулук кылмыштары боюнча соттолгон.

Reporter.kg’ге Ош шаардык милициясынан билдиришкендей, Актилек Абдивали уулу милицияга өз ыктыяры менен келип көрсөтмө берип, окуя учурунда башка жакта болгонун билдирген. Көрсөтмөдөн кийин ал кое берилген. Милицияга анын көрсөтмөсү текшерилерин белгиледи.

Каза болгон А.Н. каракчылык, денеге оор залал келтирүү кылмыштары боюнча жоопко тартылган. Ошондой эле баңгизаттарды саткандыгы үчүн аны ири өлчөмдө баңгизат менен кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан.

Ал эми жаракат алып (буттарынан жаракат алган), ооруканада жаткан Н.М. опузалап талап кылуу, денеге анча эмес оор залал келтирүү, ээнбаштык, тоноо боюнча соттолгон.

Аталган кылмыш иштин алкагында бир нече жаран изделүүдө.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, дагы бирөө оор абалда ооруканага түшкөн. Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Бул иш боюнча шектүү катары издөөгө алынгандардын арасында Актилек Абдивали уулу да болгон.

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Бешинчи шектүү милицияга өзү келди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>