Ташкент инвестициялык форуму: Касымалиев Борбор Азияны эң келечектүү аймактардын бири деп атадыБаткенде дарбыз жана коондордогу нитраттын өлчөмү нормадан ашкан жокКыргызстан 2028-жылга чейин 1 миллиард доллардан ашык каржылоо тартууну пландоодоКыргызстан Индонезиянын рыногуна жеңилдетилген шартта чыгатСадыр Жапаров жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырдыСокулукта 20 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен кетти
28.09.2020 | 10:04
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Орусияга жумушчу иш сапары менен кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.
Кыргызстандын делгациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.
Орусияда болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат